Сокулукта киши колдуу болуп каза болгон эки адамдын аты-жөнү такталды. Алардын өлүмүнө шектүүлөр кармала элек

23-январдан 24-январга караган түнү саат 00:20 чамаларында Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы дүкөндөрдүн биринин жанынан эки адамдын жансыз денеси табылган. Алар Сокулук районунун 1972-жылы туулган Б.Б. жана 1982-жылы туулган Б.У. аттуу тургундары болуп чыкканын SUPER.KG'ге Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар киши колдуу болуп каза болушканы аныкталып, факты боюнча кылмыш иши козголгон.

"Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка шектүүлөр кармала элек", - деп билдиришти ОИИББден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
maks94.kb
2018-01-26 12:58:19
Жаткан жери жайлуу БОЛСУН_БББУ
+2
moskoy
2018-01-26 19:43:32
Чикаго болуп кеттик го .Чаламандын чак тушундо ,коркпой уркпой эле уйдон болсо уйдон сырттан болсо сырттан ,ит аткандай атып атып жатышат.Бир криминал соройдон укканым бар бычак сайып салып турмого кете берем ,бир жылдан кийин чыгып келем деп.Бул эмнени билдирет криминалдын башы ЖКда ,бийликте отурат.Карапайм эл айыл ,айыл кочо ,кочо болуп элдик отряд тузбосок болбой калды.Антпесек ууру кески,криминалдарга жем болуп журо беребиз









+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан