КИНОЗАЛ: SUPER.KG`де 2007-2009-жылдарда жаӊырган хит ырлардан топтолгон концерттер

SUPER.KG порталынын "Кинозал" бөлүмүндө Мирбек Атабеков, Ильяз Абдыразаков, Алихан, Султан Садыралиев, Мирбек Иманбеков баштаган белгилүү эстрада ырчыларынын 2007-2009-жылдары жылдыздары жанып турган учурда койгон жеке концерттери жүктөлдү. Анда арыкчырай Атабековдун "Жүрөгүм", "Ошондо жакшы болобу" деген ырлары хит болуп жаткан учур болсо, Ильяз Абдыразаков "Азап" деген ырынын аталышында концерт койгон. Ал эми "Сүйүүнүн кереметин" даңазалаган Мирбек Иманбеков менен "13 жашар баланын арманы" деп сыздаган Султан Садыралиевдин ал кездеги жеке концерттерин көрсөңүз, ырчы мырзалардын жаштык курагын дагы бир ирет эске түшүрө аласыз.

Жогоруда аталган 2007-2009-жылдардын хит ырларын камтыган концерттерди көрүү үчүн "Кинозал" бөлүмүнө баш багыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Beka9393
2018-01-26 13:43:54
Алихан милиция болуп кетти.
Азыркы учурда Токтогул РИИБнун
тергоо кызматынын тергоочусу.
+1
AlibaevO
2018-01-26 14:01:08
Быйылкы консерттерди эмдиги жылы жүктөйсүңөрбү??? НУРЛАН НАСИПтин консертин жүктөгүлө админ
-3
ayluu_tun
2018-01-26 14:56:45
AlibaevO, Консерт эмес садагасы КОНЦЕРТ!
+1
Batma08
2018-01-26 16:13:01
Азыркы ырчыларды койчуу бирда ырды толук угалбайсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан