Орусияда башталган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешке 6 Кыргыз балбаны катышат

Орусияда башталган эркин күрөш боюнча эл аралык мелдешке 6 Кыргыз балбаны катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Күрөш федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26-январда Орусиянын Красноярск шаарында башталган "Иван Ярыгиндин Гран-Приси" эл аралык эркин күрөш боюнча мелдешинде 6 Кыргыз балбаны күч сынашат.

Бүгүн мелдештин алгачкы күнүндө 57 килограммга чейинки салмак ченинде Ислам Кеңешов менен Хуршид Парпиев килем үстүнө чыгышат.

Кыргы өлкөсүнүн курама командасынын тизмеси:

Эркектер арасында:

57 килограммга чейинки салмак ченинде Ислам Кеңешов жана Хуршид Парпиев;

65 килограммга чейинки салмак ченинде - Нургазы Абдуразаков;

74 килограммга чейинки салмак ченинде - Бекжан Жамбулов;

Машыктыруучу - Александр Мишуров;

Калыс - Мухамедали Абитов.

Кыз-келиндер арасында:

57 килограммга чейинки салмак ченинде - Нураида Анаркулова;

68 килограммга чейинки салмак ченинде - Мээрим Жуманазарова;

75 килограммга чейинки салмак ченинде - Айпери Медет кызы;

Машыктыруучу - Нурбек Изабеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zevs
2018-01-27 00:40:53
bizdin chempion kyz kayda jurot chykpayby eken.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан