Ноокенде каракчылар чак түштө үй ээсинин келинин байлап, бир миллион сомдой акча сакталган сейфти уурдап кетишкен

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Масы айылындагы үйлөрдүн бирине эки адам электрикпиз деп кирип, үй ээсинин келинин байлап, чак түштө бир миллион сомдой акча сакталган сейфти уурдап кетишкен. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 19-январда күндүзгү саат 12:00 чамасында өздөрүн электр тармактар ишканасынан келгенин айткан эки жаран эсептегичти көрүп алуу өтүнүчү менен үйгө киришкен. Үй ээсинин келини 20 жаштагы М.А. дарбазасын ачар замат анын оозун жаап, үйгө алып кирип колу-бутун байлап, оозун скотчтоп салышкан.

Мындан тышкары келинди коркутуп, колундагы шакегин, сөйкөсүн алып, акча талап кылышкан. Андан соң үйлөрдү чачып, акча сакталып турган сейфти табары менен аны алып чыгып кетишкен. Үй ээлери милицияга сейфте катылган акча, зер буюмдардын баасы бир миллион сомго барабар болгонун билдирген.

"Бул окуядан кийин каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмыштын бетин тез арада ачуу үчүн Жалал-Абад ОИИБинин жана Ноокен РИИБинин Криминалдык милиция кызматкерлеринен турган ыкчам тергөө тобу иш алып барууда", - деп билдирди маалымат кызматы.

Айрым маалыматтарга караганда, үй ээси базарда насыбай сатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (12)
Nsh
2018-01-26 14:21:05
Кыргызстан каракчылардын криминалдын мекенине айланып жатат. Кундо карактоо тоноо адам олтуруу жол кырсыктары коррупция. Окунучтуу!!!
+7
Asyl10
2018-01-26 18:11:55
Nsh,Криминалдардын баарын абактан бошотуп жиберип жатышса,ОПГларды ар турдуу шылтоо менен турмодон чыгарып жатышса,анан ушундай болот да. Алардын майда "шестёркалары" корунгон жерди каалаганда тоноп кете беришет.Криминал менен бийликтегилер табакташ болуп жатса,ууру,каракчы,зоокур,башкесерлер кобойбой эмне болот эле. Кылмыштуулук менен кескин курошпой эле,биздин атка минерлер алар менен дос болуп кучакташып журушот.Азыр туну эмес кундузу да кооптуу болуп калды КРда
+7
aman0296
2018-01-26 14:23:41
Насыбай менен 1 лям акча тапса болобу?
-4
Nurbollot
2018-01-26 14:26:35
Нас саткандар допучандарда
+7
dina
2018-01-26 14:31:05
Билген эле адамдар кирет да, насыбай сатканда 1миллион бар деп ким ойлойт
+9
KUBI
2018-01-26 14:31:22
Ноокендиктер нас сатып эле бай турбайбы.
+8
Man87
2018-01-26 14:46:29
Арамдан тапкан акчасы ошентип кетет да.баарыбызга адал акча табууга насып кылсын
+3
Pchelka85
2018-01-26 14:55:39
Аиий. Анча акчаны ьанкка сактаса болмок экен. Казыр жанына мин сом кармагандан да корко турган заман келди окшойт ... Каракчылык. Тоноочулук.. Эмне эле болуп баратабыз.??? Дагы кудайга шугур, Келин аман калыптыр...
+3
raykray
2018-01-27 12:07:43
Pchelka85,зер буюмдар мн кошо общии сумма 1млн дептир, жакшы келинге тийбептир кудай сактасын коруп жатабызго олтуруп деле коюп жатат 100-200сомго
+1
medet1983
2018-01-26 16:05:44
Соке жакшы иштеп аткан экен.Каракчыларды кобойтуп
+1
Ayida
2018-01-26 19:47:19
Арам акча арамга кетет.Уурдап жеген да арам.
+1
Malik92
2018-01-27 08:42:52
Соке озу менен кошо каракчыларды да ээрчите келгендей эле болуп калды.Акыркы 4-5айдын ичинде жузго жакын тономой катталдыго.Соке наверное в курсе,что про сходит в стране??А нашим чиновникам как всегда до "лампочки".Акчабыз болсо да болбосо да кооркуп калдык тундосу сыртка чыгыштан.Мындай кетиште баарыбыз оружие сатып алат окшойбуз,для самоообороны.Озубузду озубуз коргобосок,милициядан толк жок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан