Дүйнөлүк жылдыздар ит, күчүк же мышык, айтор кичинекей үй жандыктарын багып, ал гана эмес үй жаныбарларын социалдык тармактын жылдызына айлантып жиберишет. Бул алар үчүн көнүмүш адат. Мисалы, белгилүү америкалык актриса Пэрис Хилтондун ит-күчүктөргө жакын экенин бардык күйөрмандары билишет. Ал учурда 35 үй жаныбарын багат жана алардын көбү социалдык тармактын "жылдыздары". Актриса кичинекей, баштыгына бата турган күчүктөрдү жактырат. Чет элдик басылмалардын жазганына таянсак, Хилтон аларды багуу үчүн жылына болжол менен 100 миңдеген долларларды сарптайт.
Ал эми дагы бир америкалык актриса Сальма Хайектин чет элдик басылмаларга берген маектерине таянсак, көчөдө кароосуз жүргөн жаныбарларды көрсө, кайдыгер мамиле жасап, жөн өтүп кете албайт. Сөзсүз түрдө ал жаныбарды үйүнө алып барып, өзү багып жаткан ит-мышыктарынын катарына кошот.
"Мага кароосуз калган жаныбарларды таштап кеткенден көрө күйөөмө "сенин көзүңө чөп салдым" деп айтуу оңойдой сезиле берет", - дейт актриса.
Америкалык ырчы Мэрайя Кэринин Ча Ча жана Жилл Е деген күчүктөрү бар. Ырчы күчүктөрү менен бирге ар кайсы өлкөлөргө саякатка чыга турганын чет элдик маалымат каражаттары жазып жүрүшөт. Ошондой эле ырчы күчүктөрүн атайын иттердин сулуулук салонуна алып барып, алардын тырмактарын иретке келтирип, массаж жасатып турарын айтып келет.
Ал эми орусиялык алып баруучу жана ырчы Ольга Бузова да кичинекей күчүктөрдү жактырып, аларды үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү катары санай турганын орус басылмаларга айтып келет. Учурда Ева жана Челси деген эки күчүгү бар.
Ал эми Кыргыздын белгилүүлөрүнүн арасынан ит-мышыкты абдан жакшы көрүп, аларды кастарлап баккандар дээрлик жокко эсе. Шоумен Бакыт Байсариев Алабай породасындагы иттерди жактыра турганын айтып, аталган породадагы итти багып жүрүп, кийин туугандары жайлоого мал кайтарганга сурашканынан аларга берип койгонун айтты.
"Алабайды 1 жылдай бактым. Айына 3 миң сомго жакын акча коротуп, атайын иттердин тамактарын сатып берип турчумун. Кийин туугандарым сурап, жайлоого алып кетишкен. Азыр үйдө бир мышык бар. Анын аты деле жок, кайдан келип калганы да белгисиз. Ач калбасын деп тамак-аш берип коюп турабыз", - деди ал.
Ырчы Асема Токтобекова балдары мышыкты жакшы көрө турганын айтып, алар үчүн атайын шотланд мышыгын сатып алганын билдирди.
"Бул мышыкты атайын балдарыбыз үчүн сатып алганбыз, аты Якоб. Породасына жараша баасы да, ай сайын тамызып турган дарысы да кымбат. Андыктан, айына болжол менен 7 миң сомдой акча коротобуз. Дарылабай койгон болбойт, кокустан ооруп калган болсо, балдарга зыяны тиет деп сарсанаа боло берем. Ал эми атайын мышыктарга арналган тамак-аштарды сатып бербестен, өзүбүз жеген тамактар менен эле багабыз", - дейт ырчы.
Мышык баккандардын катарын ырчы Съездбек Искеналиев да толуктайт.
"Үйдө Граф деген мышыгыбыз бар. Абдан таза, акылдуу. Балдарым аны кичинекей баладай эле карап, камкордук кылышат. Атайын мышыктар жей турган тамактарды сатып берип, жылына бир жолу эмдетип турабыз", - дейт ал.
Ал эми ырчы Айнура Салахидинова элден өзгөчөлөнүп, үйүндө тоту куш кармай турганын билдирди.
"Көп кабаттуу үйдө жашагандыктан, ит-мышыктарды бакканга шартым жок. Балдарым тоту куштарды абдан жакшы көрүшкөндүктөн, алардын тилегин орундатып Кеша жана Катя деген эки тоту куш сатып алганбыз. Тоту куштар сөзсүз түрдө түгөйү менен болуш керек экен. Бир жолу балам ойноп жатып, бирөөсүн аш айры менен сайып өлтүрүп алган. Анын ордуна башка тоту куш сатып келип кошуп койгонбуз. Атайын өзүнүн жеми менен багып, алма жана сабиз туурап берип турабыз", - дейт ырчы.