Түштүк Кореяда ооруканадан чыккан өрттөн каза болгондордун саны 40тан ашты

Кореяда ооруканадан чыккан өрттөн каза болгондордун саны 40тан ашты. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка караганда, тилсиз жоодон улам 80ге жакын адам жабыркаган. Учурда алардын тогузунун абалы оор.

Эске салсак, өрт кырсыгы бүгүн эртең менен Кореянын Мирян шаарындагы оорукананын "Тез жардам" бөлүмүндө катталган. Өрт чыккан учурда аталган ооруканада жалпы 200гө жакын адам болгон. Өрттөн каза болгондор биринчи жана экинчи кабатта болушкан. Көпчүлүгү иске ууланып калышкан. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Munar8625
2018-01-26 15:51:27
кыямат болуптур Сабыр сабыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан