Бишкекте АКШнын жаранын тоноого шектелип 22 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан бүгүн, 26-январда кабарлашты. Маалым болгондой, милицияга АКШнын жараны арыз менен кайрылып, 24-январь күнү саат 23:00 чамаларында Медеров жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз эки адам күч колдонуу менен капчыгын тартып алып, 7 миң сомго зыянга учуратышканын айткан.
Факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1996-жылы туулган Н.у.К. аттуу тургун кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми экинчи адамды издөө иштери улантылууда.