Эки Кыргыз жаранын Түштүк Кореяга мыйзамсыз жиберген деп шектелген адам кармалды

Эки Кыргыз жаранын Түштүк Кореяга мыйзамсыз жиберүүгө шектелип 25 жаштагы Жети-Өгүз районунун тургуну кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан бүгүн, 26-январда кабарлашты.

Маалым болгондой, министрликке 44 жаштагы И.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, Улан деген жигит Н.у.А. аттуу уулу менен анын досуна 2 миң 450 долларга Түштүк Кореяга баруу үчүн виза жасап бергенин, бирок мыйзамсыз жөнөтүп салганын айткан. ИИМдин кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, шектүү катары Жети-Өгүз районунун 25 жаштагы Ш.У. деген жашоочусу кармалып, камакка алынган.

Азыркы учурда кармалган жаран чет өлкөгө мыйзамсыз жөнөтүү фактысы боюнча башка кылмыш иштерине тиешеси бар же жоктугу иликтенип жатат. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан