Бишкектин 71 жаштагы тургуну бир килограммга жакын баңгизат менен кармалды

25-январда Бишкек шаарынын 71 жаштагы Б.М. аттуу тургуну 1 килограммга жакын баңгизат менен кармалды. ШИИББден маалымдашкандай, Бишкек шаарынын баңгизаттарга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кичи райондордун биринен шектүү жаранды кармашып, өздүк кароо жүргүзүшкөндө жанынан кара-күрөң түстөгү шектүү зат табылган. Алынган зат экспертизага жиберилип, жыйынтыгында жалпы салмагы 992 граммды түзгөн канабис баңгизаты болуп чыккан.

Бул факты боюнча Октябрь РИИБинин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ошондой эле тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран буга чейин ушул сыяктуу кылмыш иши менен соттолгондугу аныкталган.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камалып, тергөө иштери жүрүп жатат.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
almanbetperm
2018-01-26 20:49:06
Каарыганда калжандап
+1
33SUUN
2018-01-26 21:55:23
Карыганда калжандап эмес карыганга чейин кармалбай жургон.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан