Москвада эже-сиңдилерди унаа сүзүп, оор жаракат алышты. Ооруканага төлөөгө каражат жетпегендиктен жакындары бирөөсүн үйгө чыгарып кетишкен

Орусиянын Москва шаарында эки кыргыз кызын унаа сүзүп кетип, оор жаракат алышты. Алар Баткен районунда 1997-жылы жана 2000-жылы туулган Альбина жана Жасмина Исмайылжанова деген эже-сиңдилер болушкан. Альбинанын жолдошу Досболдун SUPER.KG'ге кабарлашынча, кырсык 23-январь түнкү саат 23:30 чамаларында Москва шаарындагы көчөлөрдүн биринде катталган.

Кырсыктан алган жаракатынан улам алар Кашира районунун борбордук ооруканасына жаткырылып, Альбинанын сынган бутуна операция жасалган. Ал эми Жасминанын көзүнүн тамырлары жарылгандыктан биринчи жардам көрсөтүлүп, операция жасоого каражат жоктугунан жакындары үйүнө чыгарып кетишкен.

"Альбина менин келинчегим болот. Ал кырсыктан башынан жаракат алып, буту сынган. Ага биринчи операция жасалып, азыр ооруканада жатат. Абалы жакшы болуп калды. Ал эми балдызым башынан жана көзүнөн жаракат алып, кабыргасы сынган. Көзүнүн тамырлары жарылып кеткендиктен операцияга 200 миң рубль керек болууда. Оорукана алгачкы жардам катары 3 күн карады. Андан кийин акча төлөө же өзү жашаган жердеги ооруканага которуу керек болгондуктан үйгө чыгарып келип, азыр керектүү документтерди чогултуп жүрөм. Эртең ооруканаларга алып барып көрсөтөбүз. Анын операциясына акча жок болгондуктан атайын эсеп ачып, элден жардам сурап жатабыз", - деди Досбол.

Кыздарды сүзгөн "Москвич 2141" унаасынын айдоочусу ошол замат кармалганы белгилүү болгон.

Москвада эже-сиңдилерди унаа сүзүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (24)
Topchubai
2018-01-26 23:34:42
Булак Таш эмес Булак Башы деген айыл десенер.Жаман болуптур.
+7
Dembele84
2018-01-27 00:36:51
Тун жарымда жумуштан келе жатышканбы же ?Отуп жаткан жер пешеходный переход бекен озу? Жаман болуптур эмне болсо да
0
Beka9393
2018-01-27 00:56:34
Dembele84,Иштен чыгып кетип жатышкан окшойтда байкуштар.
Алла шыпаасын берсин мекендештерибизге!
+6
Muslim_KGstana.
2018-01-27 00:45:47
Ал Кыргызстан эмес да корунгон жерден ото бергидей/зебрасы жок эле кенири басып кеттат /нарак берагын карап отушпойбу жок дегенде
-14
Beka9393
2018-01-27 00:55:09
Muslim_KGstana.,Кеттат, нарак - берак дебей "кетип жатат, нары жагын, бери жагын деп" деп жазсанар тамганы экономдоп жакшынакай Кыргыз тилин бузбай.
+16
Too-tash
2018-01-27 07:11:30
Beka9393, аны диалект, говор дейт... Эмне, баарыбыз адабий тилде суйлоп, адабий тилде жазышыбыз керекпи?!!

-9
Djal1987
2018-01-27 15:23:54
Too-tash,ооба милдеттуу турдо туура жазгын! Диалекти уйундо колдон а жазуу турундо китептегидей жазгын. Озундун ким экенинди билдиресин жазып жатып.
+7
raykray
2018-01-27 12:01:36
Muslim_KGstana.,кырсык эмне мынча табалаганды жакшы коросунор колундан келген жардам бер болбосо сенден сурап отпойт!!! Коруп атабыз пешеходдо жашылды кутуп тургандыда сузуп кетип кетип жатат кырсык каш кабактын-ортосунда?! Т
+1
allia
2018-01-27 01:09:46
Кантип, кайдан жардам берсек болот?
+4
nur_92
2018-01-27 02:09:41
Ким сузуп кетиптир оруспу кыргызбы таптынарбы сузгон адамды ошону толотбойсунорбу?
+6
BakytAliev
2018-01-27 09:07:26
nur_92,сузгон адам орус пенсионер чал экен
+3
ayana16
2018-01-27 02:30:12
Зебрадан отуш керек эле да.эми кырсык каш кабактын ортосунда кудай сактасын.
+2
Shamdagai2013
2018-01-27 02:44:20
Зебра жок болсо,кээ бир психтер(нервныйлар)атайлап сузушот.
+2
Morskayazvezda
2018-01-27 05:34:53
Супер ушунча жазыптырсыздар эми аягына чейин чыгарып картасынын номерин сурап жазып коюңуздарчы СУРАНЫЧ!!!
+5
BakytAliev
2018-01-27 09:08:45
Картасынын номери менде бар туугандар жардам берели баарыбыз керек болсо ватс жазыныздар 0779119811
0
ahad
2018-01-27 09:19:35
Кыргыз бала болуш керек
-1
ahad
2018-01-27 09:20:10
Сузгон
-1
almanbetperm
2018-01-27 10:38:50
ahad,ал кыргыз башкаларды сузгон
+1
almanbetperm
2018-01-27 10:38:16
Озунун баткенинде жургондой корунгон жерден ото бербеш керек,
-7
raikakyz
2018-01-27 11:43:53
almanbetperm,орусияда корунгон жерден ото албайсын.КРэмес бул жак,закон кучтуу жана РОССИЯ деген олконун аты эле сурдуу го.КРда корунгон жерден ото берет адамдар.
+2
almanbetperm
2018-01-27 23:37:55
raikakyz,корунуп туратго пешеход мешеход жок,корунгон жер эмес анан эмне болуп турат
+1
raykray
2018-01-27 12:03:25
almanbetperm,сенден сурап отсо болмок экен акылдуу?! Бироону табалаганда эки жагын карап кор!
-1
adi.ali94
2018-01-27 13:35:26
Ассаламу Алейкум кыргыз элим! Урматтуу мекендештер!
21-январь түнү, саат 23:30 чамасында кыргыздын жапжаш кыздары, 1997-жылы туулган Албина Исмайылжанова жана анын сиңдиси 2000-жылы туулган Жасмина Исмайылжанованы Москвадагы чоң көчөлөрдүн биринен машина коюп кетти. Аларды жумушунан чыгып, үйүн көздөй баратканда, жолдон машина урган. Көр тирилик айынан бөтөн эл, бөтөн жерде иштеп жүргөн чырактай эки кыздын бири туугандары жардам берип, операция жасалды. Экинчи кыздын операциясына 200 миң
-1
JaneEr
2018-01-27 14:48:18
Сузгон адам жардам бериш керек.Орусту сузсо жаман кылышатго оздору.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан