Ырчы Омар жубайы Диана менен бал айын өткөрүүдө. Учурда жаш жубайлар Таиландда эс алып жатышкан сүрөттөрүн өздөрүнүн социалдык тармактагы жеке баракчаларына жүктөшүүдө.
Белгилей кетсек, түгөйлөр өткөн жылы 2-декабрда заманбап үйлөнүү тоюн өткөрүшкөн. Анда келген коноктордун айрымдары жаштарга арнап бир нече өлкөлөргө эс алуу үчүн 2 кишилик жолдомолорду белек кылышкан. Ырчы SUPER.KG порталынын түз эфирине келген учурда Жаңы жылды өткөрүп алган соң саякаттоого убакыт бөлө турганын билдирген.