Бишкекте 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып 1 адам жаракат алды
Бишкек шаарынын Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде 3 унаа катышкан жол кырсыгы катталып, 1 адам жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын айтуусуна караганда, жол кырсыгы бүгүн, 27-январда таңкы саат 6лар чамасында болгон.
"Чүй жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде Гольф-4 үлгүсүндөгү жеңил унаа, Мерседес Бенц үлгүсүндөгү кичи автобус жана Хонда үлгүсүндөгү жеңил унаа сүзүшүп алган. Жол кырсыгынын натыйжасында унаалардын биринин жүргүнчүсү 33 жаштагы. Б.А.К. аттуу адам унаадан чыга албай кыпчылып калган. Буга байланыштуу биздин кызматкерлерди чакырышкан. куткаруучулар барганга чейин "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери чыгарып алып кетип калышкан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.