Бишкектин четиндеги Ак-Бата конушунда бир адам аты менен сууга түшүп кетип каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 27-январь күнү болгон. Анда 1973-жылы туулган С.Баатыров аты менен сууга түшүп кетип, аты суудан чыгып, өзү чөгүп кеткен. Жергиликтүү тургундардын айтымында, окуя улак тартыш учурунда болгон.
"Окуя болгон жерге саат 16:26да Аламүдүн районунан 4 куткаруучу жана Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 куткаруучу чыгышып, саат 17:20да суудан жансыз денесин алып чыгышып, "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришкен", - деп билдиришти аталган министрликтен.