Орусиялык UFC жылдызы Хабиб Нурмагомедов социалдык тармактагы баракчасына 103 жаштагы кыргыз күйөрманы менен түшкөн сүрөтүн жарыялады. Мындай сүрөттү ал кечээ, 27-январда жайгаштырган.
Ал аталган сүрөттү жүктөгөн соң "бул менин эң улуу күйөрманым, ал Кыргыз өлкөсүнөн. Ушул жылдын март айында 103 жашка толот экен. Алла ага жана үй-бүлөсүнө ден соолук, бакыт тартууласын", - деген билдирүү калтырган.
Ошондой эле карыя UFC уюмунун беттештерин 1993-жылдан тарта көрүп келсе, ал эми Хабибдин беттештерин 2012-жылдан тартып калтырбай көрүп жүргөнүн кошумчалаган.
Айта кетсек, Хабиб Нурмагомедов 23-январда Бишкекке келип, Кыргыз өлкөсүндөгү күйөрмандары менен жолуккан.