ӨКМ: "Бишкекте Ала-Арча дарыясына муз тоңуп, нугунан чыгып кетүү коркунучу жаралды"

Бишкек шаарынын Биринчи Май району аркылуу өткөн Ала-Арча дарыясында муз тоңуп, нугунан чыгып кетүү коркунучу жаралды. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Бүгүн, 28-январда болжол менен саат 10:40 чамасында Малдыбаев жана Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилиши ченде Ала-Арча дарыясында муз тоңуп, муз катмары пайда болгондуктан нугунан чыгып кетүү коркунучу пайда болгон. Аталган жерге маселени жоюу үчүн 19 адам, 5 техника тартылды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ошондой эле учурда ал жерде ӨКМнын кызматкерлери кызуу иш жүргүзүп, коркунуч жоюулары менен кошумча маалымат бериле турганын билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Isco23
2018-01-28 15:18:57
Фотосу жокпу
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан