Бүгүн, 28-январда Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Ырыскелди Осмонкулов 50 жашка толду. Ал туулган күнүн жылдагыдай эле достору жана сахналаштары менен биргеликте бильярд боюнча таймаш өткөрүү менен белгилеп жатат.
Анын айтымында, туулган күндү бильярд боюнча турнир менен коштоо салты мындан 12 жыл мурун башталган. Жеңүүчүлөр үчүн атайын белектер, ал эми турнирге башынан баштап таптакыр калтырбай катышып жүргөндөр үчүн өзгөчө сыйлыктар камдалган.
"Эстеп көрсөм быйыл 12-жолу туулган күнүмдү бильярд боюнча турнир өткөрүү менен белгилеп жатыптырмын. Конокторум деле билип калышкан. Жыл сайын ушул күнү атайын чогулушат. Быйыл таймашка жыл сайын катышып жүргөндөр үчүн өзгөчө белектер даярдалган", - дейт Осмонкулов.
Ырчынын туулган күнүн куттуктап 70ке чукул адам келген. Алардын арасында кыргыз эстрадасынын жылдыздары жана кыргыз маданиятына талыкпай кызмат кылып келе жаткан көрүнүктүү инсандар да бар.