Бишкекте ырчы Малика Динанын "Айтчы себебин" аттуу клиби тар чөйрөдө көрсөтүлдү. Ага Айгүл Чалова кызы, Динара Акулова небереси менен келди

Бүгүн, 28-январда Бишкектеги кинотеатрлардын биринде ырчы Малика Динанын аткаруусундагы "Айтчы себебин" аттуу клибинин бет ачары болуп өттү. Клип тар чөйрөдө көрсөтүлүп, ага кыргыз эстрада жылдыздары жана журналисттер катышты.

Аталган клип Бишкек шаарындагы мейманканалардын биринде тартылып, ага казак актёру Еркебулан Токтар катышкан. Чыгарманын сөзүн акын Гүлмира Рыспаева жазса, обонун Рамис Алиев чыгарган.

"Клиптин идеясы топто иштеген бардык адамдарга таандык. Еркебулан менен "Зор" тасмасынын жабык көрсөтүүсүндө таанышканбыз. Ошондо анын тасмадагы актёрлук чеберчилигин байкап, кийин клипке тартылып берүүсүн продюсери менен сүйлөшкөм. Анын Бишкекке келип кеткен жол акысын, тамак-ашын, жашаган жерин жана гонорарын төлөп бердик", - дейт Малика.

Ал эми казак актёру Еркебулан Токтар: "Клипте роль жаратуу оңой эле болду. Себеби топто 20дай адам иштеп, тартуу иштери эки күндө эле бүттү. Гонорар тууралуу эч нерсе айта албайм, аны продюсерим билет. Учурдан пайдаланып Маликаны куттуктайм", - деди актёр.

Малика Дина ушул жылдан баштап продюсер Канат Кадыржан менен иштешүүнү баштаган. Бул тууралуу ырчынын апасы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Динара Акулова кошумчалап өттү.

"Бүгүн кызым үчүн кош майрам. Себеби кыйынчылыктардан кийин Малика жаңы клип тартты. Андан сырткары ага жаңы машина алып бердик. Бул клипке көп киши салым кошту, анын ичинде продюсери Канат Кадыржан дагы. Мен Маликага канча жолу чыгармачылыкты таштап эле койчу деп айткам. Бирок элдин суранычы менен кайрадан ыр жаздырып, клип тарттырды. Бүгүн көптөн бери көрүшө элек жакын адамдарыбыз менен жолугушуу кечеси менен биргеликте клиптин бет ачарын өткөрүүнү чечтик", - дейт Акулова.

Малика Динанын аткаруусундагы "Айтчы себебин" аттуу клипти жакынкы күндөрү SUPER.KG порталынан биринчилерден болуп көрө аласыздар.

Малика Дина казак актёру менен тартылган клибинин бет ачарын өткөрдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Daak9091
2018-01-28 19:10:55
Эми ошол 3мүнөттүк нерсени үйүнөн эле көрүп алышпайбы ожоктонбой
+17
ajydaar
2018-01-28 19:19:48
Самара корунбойтко
+11
subankul
2018-01-28 19:45:36
ajydaar, асандын тагида жатса керек да))
+11
subankul
2018-01-28 19:39:02
Ушул шок кыз мага тийсе адам кылып тарбиялап алмакмын. Мындан жакшы аял чыгат эбин тапса.
+22
karakulja
2018-01-28 20:31:07
subankulАлайкууга алып кетмекмин мага тийсе. Динара Акулова ай сайын концерт коюп барып турмак
-5
Magusi
2018-01-28 20:37:51
subankul,Ала качып кетда,эбин таап
-1
raykray
2018-01-28 19:42:52
Ийгилик
+2
283755
2018-01-28 19:47:59
Анжелика жок кантип өттү экен бет ачар??
+8
Biinura
2018-01-28 22:19:23
283755,Анжелика Москвада.
+3
Nurel.92
2018-01-28 20:23:34
Анжелика укпай калган го...
+6
Magusi
2018-01-28 20:37:07
Анжелика майда чуйдо жерге келбесе керек да
-6
vangolu
2018-01-28 21:04:28
Тамак ашын алып бердик деп айтпай эле койсо болмок
-6
Batma08
2018-01-28 21:23:08
Абдымалик шерматов жокго чакырып койсо болмок.
-10
Arti
2018-01-28 21:50:29
Малика алдыга и алдыга! Эч ктмгк өкнүл бурма. Биз эл оозго келгенди оттоп, ооздо чойо беребиз. Эми иште. Кызын да чонойуп калыптыр. Динара эжене куч берсин.
+3
Elga
2018-01-28 23:30:42
Ырдаганы,озу да аябай жагат...удачи
+2
almanbetperm
2018-01-29 00:14:28
Элдин суранычы менен дептир,элдер кимин сурандынар айткылачы?
+9
Sarita
2018-01-30 08:57:56
almanbetperm,мисалы мага жагат,кандайдыр бир себептер менен ырчылыктан кетишин каалабаймын
-1
bahabaike
2018-01-29 01:32:18
Орусча айтканда Пафос деп коет ко ото коп пафос болуп бара жатат бизде
-1
jazgul1992
2018-01-29 15:25:20
айланайын туугандар поддержка берсенер болбойбу ыя? дайымале минус жагын таап турасынар озунор ырдагыла чыккыла.
0
Snejana
2018-01-29 17:06:48
Малика улуу корунуп калыптыр. Улуураак жигит менен тартылса андан жакшы болмок. Азаматсын! Ар дайым алга. Чындыгында таланттуу.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан