Бүгүн Бишкек шаардык соту Аида Салянованын ишин карайт

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык соту "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын ишин карайт. Соттук отурум 24-январда өтүшү керек болчу.

Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова ишти карап жаткан соттук жамаатка депутат жүрөк дартынан улам ооруканада жаткандыктан отурумду жылдыруу өтүнүчүн келтирген. Соттук жамаат жактоочунун өтүнүчүн канааттандырып, ишти 29-январь күнү улантууну чечкен.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан