2017-жылы өлкөдө 14 чек ара жаңжалы катталды

2017-жылы өлкөдө 14 чек ара жаңжалы катталды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын 2017-жылдагы ишинин жыйынтыгына арналган отурум учурунда айтылды.

Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришкендей, өткөн жылы чек арада 14 жаңжал катталган. Алардын ичинен 10у кыргыз-тажик, 4ү кыргыз-өзбек тилкесинде болгон. Ал эми 2016-жылы бул көрсөткүч 20 деп белгиленген.

"2017-жылы мамлекеттик чек араны бузуу айыбы менен 218 киши кармалган. Чек арачылар 37 курал-жарак, 273 даана ок-дары, 1 снаряд жана 1 сигнал пистолетин табышкан", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан