АКШда модель кыздын башы жок, жиликтенген жансыз денеси табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, окуя АКШнын Орегон штатындагы Алоха шаарында болгон. Кылмышкер 27-январда кара түстөгү БМВ үлгүсүндөгү унаасына Сара Жгоул аттуу модель кыздын башы жок, жиликтенген жансыз денесин эки чемоданга салып бараткан жеринен кармалган.
Кылмышкерди кармоо учурунда ал өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылган. Азырынча анын аты-жөнү жана кылмыштын мотиви айтыла элек.
Сара Жгоул модель болуудан тышкары, актриса жана фильмдерге үн кошточу. 28 жаштагы моделдин артында кичинекей баласы калды.