Бишкекте айдоочу рулга ээ боло албай, имараттын дубалын сүздү. Кырсыктын кесепетинен бир адам каза болду

2018-жылдын 28-январынан 29-январына караган түнү Бишкек шаарынын Токомбаев жана Шабдан баатыр көчөсүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, кырсыктын кесепетинен бир адам каза болгон.

"Хонда үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу К.Э. рулга ээ боло албай калып, көчөлөрдүн кесилишине жанаша жайгашкан имараттын дубалына барып урунган. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндеги 2 жүргүнчүнүн бири каза болуп, экинчиси куткаруучулардын аракетинде унаадан чыгарылып, медицина кызматкерлерине өткөрүлүп берилген. Айдоочунун абалы канааттандырарлык", - деп айтылат ӨКМнын маалыматында.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан