АКШнын Нью-Йорк шаарында "Грэмми" сыйлыгынын 60-сыйлык тапшыруу аземи болуп өттү. Сыйлык тапшыруу аземи көптөгөн кызыктар менен коштолуп, эң мыкты деп тандалгандар сыйлыктарга ээ болушту.
Бул жылы эң көп "Грэмми" сыйлыгын алгандардын сап башына америкалык ырчы Бруно Марс жазылды. Ал "Жылдын эң мыкты ыры" номинациясын өзүнүн "That's What I Like" ыры менен жеңип алды. Бирок ырчы бир гана сыйлык менен чектелбестен ал R&B жаатында "Эң мыкты R&B" аткаруучу", "Эң мыкты R&B ыр", "Эң мыкты R&B альбом" номинацияларында да мыкты деп табылып сыйлыкка татыды. Ошондой эле 32 жаштагы ырчы өзүнүн "24K Magic" чыгармасынын атынан коюлган альбому үчүн "Эң мыкты альбом", "Эң мыкты үн жаздыруу" сыйлыгын алганга жетишкен. Ал эми жетинчи сыйлыгын Марс "24K Magic" альбому үчүн "Эң мыкты жаратуу" номинациясында жеңген.
Ал эми орусиялык пианист Даниил Трифонов көптөгөн атаандаштарын артка калтырып "Эң мыкты классикалык музыканын аткаруучусу" номинациясында "Грэмми" сыйлыгы менен сыйланса, америкалык композитор Рэнди Ньюман "Путин" аттуу ыры үчүн "Жылдын эң мыкты аранжировкасы" номинациясында "Грэмми" сыйлыгынын ээси аталды.
"Грэмми" - америкалык үн жаздыруучу академиясынын музыкалык сыйлыгы. Аталган сыйлык 1958-жылдын 14-мартында америкалык үн жаздыруучу студиялардын ассоциациясы тарабынан уюштурулган.
Буга чейин жылдын маанилүү музыкалык сыйлык тапшыруу салтанаты быйыл 60-жолу өткөрүлүп жаткандыктан жылдагыдай Лос-Анжелесте эмес, Нью-Йорк шаарында өтө турганы маалымдалган.