2018-жылдын 13-январь күнү контртеррористтик иш-чаралардын натыйжасында эл аралык террордук топтун үч мүчөсү кармалды. Алар 1989-жылы туулган М.О., 1964-жылы туулган Ю.М. жана 1965-жылы туулган М.М. аттуу КМШга кирген өлкөлөрдүн биринин жарандары болушкан.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, М.О. Сириядагы согушка катышып келген. Кийин Ю.М. жана М.М. менен бирге Кыргыз өлкөсүнүн аймагына келип, эл аралык террордук топтун жашыруун жайын түзүүнү көздөгөн.
Учурда кармалгандар УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.