Бишкек шаардык сотунда бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум уланууда.
Отурумда соттук курамга мурда төрагалык кылган Нурлан Кожомбердиев кайра кошулду. Жактоочу Чынара Жакупбекова Кожомбердиев буга чейин болгон бир канча отурумдарга катышпаганын негиз кылып, анын соттордун курамына кирип калышына нааразы болду.
"Кожомбердиев башта бир-эки эле соттук отурумга катышкан. Андан кийин күбөлөр суралган убакта ал жок болчу", - деди Жакупбекова. Отурумда төрагалык кылуучу, төрайым Ирина Воронцова жактоочунун сөзүнө маани берген жок.
Белгилүү болгондой, буга чейин соттук курамдагы соттордун бири Саня Бранчаева мөөнөтү бүткөндүктөн ал иштен четтетилген. Анын ордуна Нурлан Кожомбердиев курамга кирген.