Футбол боюнча Кыргыз курама командасынын дарбазачысы Павел Матяш өзбекстандык "АГМК" (мурунку "Алмалык") клубунун оюнчусу болду. Бул тууралуу футбол федерациясы маалымдайт.
Маалыматка караганда, өзбекстандык клуб менен Павел Матяш 1 жылдык келишим түзгөн. Азыркы тапта Матяш "АГМК" клубу менен бирге Түркияда өтүп жаткан окуу-машыгуу жыйындарын өткөрүүдө.
Эске салсак, буга чейин Павел Матяш 2006-2015-жылдары "Дордой" клубунда, 2015-жылы "Абдыш-Ата" жана "Алга" клубдарынын курамасында, 2015-2017-жылдары Мальдив аралдарынын "Maziya Sports Club" клубунун курамасында ойногон.