Салянованын соту: Жактоочу ишти кайра тергөөгө жиберүүнү сурады

Бүгүн, 29-январда Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын үстүнөн козголгон кылмыш ишти кароодо. Соттук отурумдун жүрүшүндө жактоочу Чынара Жакупбекова ишти кайра иликтөөчү жагдайлар бар экенин айтып, материалдарды тергөөгө кайтаруу өтүнүчүн келтирди.

“Иштин материалдарында Елисеевге таандык делген сайттардын бири 2011-жылы, экинчиси 2016-жылы Бишкекте катталган. Бул учурда Елисеев өзү өлкөдө болгон эмес. Ошондуктан аталган сайттар ким тарабынан катталганын, ага кетирилген каражаттар кимдер аркылуу төлөнгөнүн аныктоо үчүн ишти кайра тергөөгө жиберүүңүздөрдү суранам”, - деди Жакупбекова.

Жактоочуну Аида Салянова да кубаттады.

“Иште Елисеевдин лицензиясын узартылгандан кийин аны пайдалануу менен сайттарды ачып ал жактан киреше таап жүргөнү айтылган. Бул мүмкүн болбогон нерсе. Елисеевдин компаниясы ал лицензиясын узартканга чейин эки ай мурун түзүлгөн. Ошондуктан бул иште тактоочу жагдайлар бар. Жактоочунун өтүнүчүн колдойм”, - деди Салянова.

Соттук курам кеңешме бөлмөсүнө кирип чыккандан кийин ишти кайра тергөөгө жиберүүгө негиз жок экенин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан