Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналган бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт

Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда 31-январдан 4-февралга чейинки аралыкта бокс боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган мелдеш Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жаркын элесине арналып, ага Тажикстан, Орусия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары катышат.

Мелдеш эркектер жана кыз-келиндер арасында өтмөкчү, анда эркектер 10 салмак ченинде күч сынашса, кыз-келиндер 3 салмак ченинде беттешет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан