Футзал боюнча Кыргыз курама командасы жолдоштук беттеште Тажикстан курама командасын жеңип алды. Бул тууралуу футбол федерациясы билдирди.
Маалыматка ылайык, беттеш Казакстандын Алматы шаарында өткөн. Аталган беттеште Кыргыз курамасынын оюнчусу Юлдашбай Салимбаев атаандашынын дарбазасына 3 гол киргизсе, Манас Абдрасул уулу, Максат Алимов жана Мирлан Жолдубаев бирден гол киргизген.
Айта кетсек, аталган жолдоштук беттеш Кыргыз жана Тажик курамалары үчүн Азия чемпиондугуна даярдык катары орун алды. Ал эми Азия чемпиондугу Тайбэйде 1-11-февраль аралыгында өтөт.