Теннисчи Рожер Федерер 6-жолу Австралия Ачык Биринчилигин жеңип алды

Швейцариялык Рожер Федерер теннис боюнча эркектер арасында Австралия Ачык Биринчилигин 6-жолу жеңип алды.

Финалдык беттеште Рожер Федерер менен хорватиялык Марин Чилич кез келген. 3 саат 7 мүнөткө созулган таймаштын жыйынтыгында 6:2, 6:7, 6:3, 3:6, 6:1 эсеби менен Федерер жеңүүчү болду.

Рожер Федерер үчүн бул жеңиш Австралия Ачык Биринчилигинде 6-жолу болсо, Чоң шлем түркүмүндөгү мелдештерде 20-жеңиш болду.

Эске салсак, Рожер Федерер менен Марин Чилич "Уимблдондун" финалдык беттешинде дагы кез келген. Анда 1 саат 42 мүнөт убакытка созулган беттештин жыйынтыгында 6:3, 6:1, 6:4 эсебинде Рожер Федерер жеңүүчү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dembele84
2018-01-29 21:56:47
Федерер жашы бир канчага барып калса да,эн кучтуу оюн коргозду.Теннис боюнча учурдун легендасы как футболдогу Мессидей.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан