Кара-Суу районунда 6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду

Кара-Суу районунда 6 жаштагы кызды машина сүзүп кетип каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 27-январда саат 22:00 чамасында аталган райондун Шарк айыл аймагында болгон.

"1989-жылы туулган айдоочу Дэу Матиз үлгүсүндөгү унаасы менен 6 жашар кызды сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен жабыркаган кыз ошол жерден жан берген", - деп айтылат Ош ОИИБинин маалыматында.

Учурда аталган кырсык боюнча тийиштүү экспертиза жүргүзүү тапшырылып, иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
Too-tash
2018-01-29 13:48:20
Адам сузуп олтургондордун иши сотко жетпей жабылып, эч жаза алышпай жатат...

Биринчиден тосмо арыз деген тушунукту жойгула...

Экинчиден адам сузуп олтургон айдоочу ар бир каза болгондордун уй-булосуно 200 мин сомдон толоп берууго милдеттендирилиши керек...

Акчалай жазадан тышкары, адам олумуно себепкер болгон айдоочуларды 3-5 жылга турмого камаш керек, эч кандай амнистия колдонуу укугу жок болуп...

Абактан чыккан сон 2 жыл машина айдоо укугу ч
-8
ajydaar
2018-01-29 14:01:27
Too-tash, сен бир жактуу жазып озундун оюнду толук тушундуро албайсын. Кокустук болушу мумкун деген ойлор сага келбейт. Бир аз оку, илим ал, тушунуксуз бирдемелерди коп жазып коёсун.
+4
Too-tash
2018-01-29 14:39:02
ajydaar, биринчиден жол эрежелери бекеринен иштелип чыккан эмес... Айыл арасында ылдамдык 60км/сааттан ашпаш керек... Айрым жерлерде ылдамдык 40 км/саатына, 20км/саатына деген жерлер бар... Айдоочулар ошол эрежелерге баш ийген кундо, кокустук, кырсык болгон кундо да жогорудагыдпй адам омурун алган кырсыктар ото аз болмок...

Сен кепилдик бере аласынбы, жогорудагы матиздин ылдамдыгы 60км/сааттан томон болгонуна?!!
0
Too-tash
2018-01-29 14:42:01
ajydaar, илим-билимди сен ал, озун билесин, диний фанаттардын дуйно таанымы ото чектелуу экенин.....
-1
Bayjigit83
2018-01-29 14:08:22
Too-tash,Сен мыйзам жазсан болчудай экен!
Атайлап сузгондорго ушул мыйзамынды колдонсо болчудай.
Кееде кокустук да болуп кететда,чуркап чыга калат жаш балдар.
+6
beka1207
2018-01-29 14:13:57
Bayjigit83,
Атайылап сүзгөндөр да болобу?
Өчөшүп жургөнүн же болбосо жолдо кетип атканды айдоочу кана сүзүп өлтүрөйүн деп ойлошобу?
Тообо кылдым,эчким атайы сүзбөсө керек
+3
Too-tash
2018-01-29 14:41:04
beka1207, айыл арасында саатына 90-100 км/саат ылдамдыкта машине айдагандар, пешеходду, светафордун кызыл жарыгын козго илбей машине айдагандарды кандай классификация кыласын?!! Алар да кокустук болобу?!!
-3
raykray
2018-01-29 14:09:02
Жаман иш болуптур,озумдун 6жаштагы кызымды ойлоп журогум жарылганы калды ата энесине сабыр,кырсык каш кабак ортосундо бирок-опколоп айдагандар бар ичип алып айдагандар барда
+8
tmttmt
2018-01-29 14:18:07
түнкү ондо байкуш кыз неге көчөдө жүрөт экен ээ
мынандай суукта
+5
Aikan1966
2018-01-29 14:42:15
Айдоочулар га да кыйын,адамдар машинадан эмес,машина адамдан коркот,россия башка олколордой кылып адамдарга да пешеходдон отпосо штраф толой турган кылып койсо,ошол айдоочулар да женил болмок.
+2
Too-tash
2018-01-29 14:44:17
Aikan1966, Кыргызстанда айдоочулардын 70%ти учун пешеход деген тушунук жок, пешеходго жакындаганда ылдамдыгын азайтпастан мин менен отуп кетет зуулдап... Пешеходду кое беруу деген тушунук жок....
-3
Too-tash
2018-01-29 15:05:13
Жогоруда баары эле озун ойлоп жазыптыр, кокустук болсо, тигил-бул деп...

Кыргызстандагы АДАМ ОМУРУН АЛГАН жол кырсыктарынын канча процентин кокустук деп баалоого болот, эгер копчулук ДТПнын куноокорлору каршы тилкеге чыкса унаасы менен, светафордо кызыл чырактан отуп башка унаа менен сузушсо, пешеходдон жоо жургунчуну сузсо, мас болуп унаа айдаса, опкосун колуна кармап алып жол эрежелери, ылдамдыкты чектеген жол белгилерин уруп ойнобой зуулдап унаа айдаса, кокустукпу ошолор?!
-2
Too-tash
2018-01-29 15:08:40
Ар бир адам башка адамдардын омурун баалоону уйронушу керек... Эгер жогорудагы кыздын ордуна силердин бала-чаканар же жакындарынар каза болсо унаа сузуп, ошондо да жогорудагыдай кырсык, кокустук деп кол шилтеп коймок беленер?!!

Эгерде башка унаа силердин унаанарды сузуп, силер олуп калсанар, жакындарынар аза кутуп кайгырып отурса, куноолуу тараптан айыл аксакалдары ортого тушуп кокустук, кырсык деп ишти жаап салышса, бул да адилеттуулук болобу?;!
-1
Bayjigit83
2018-01-29 15:24:06
Too-tash, Аябай эле коп суйлоп койбодунбу?!
Болду эми!
Кудай сактасын,эч кимдин жакындары каза болбосун!Эч ким аза кутпосун ылайым!
0
Too-tash
2018-01-29 16:22:27
Bayjigit83, корсон кормоксон, уксан укмаксан болуп отурганынар учун да Кудайдын куттуу куну адам омурун алган жол кырсыктары орун алууда... Бир адам, 4 адам, 5 адам каза болду деген жанылыктарды коро берип эл конуп да бутту, как будто бул адамдар Африкада олуп жаткансып...

Качан ойлоносунар, качан ойгоносунар?!!

0
jypara1415
2018-01-29 18:25:31
Too-tash, кайсыл жерде болбосун , чын
эле аябай узун жазат экенсин . Лично мен окубай отуп кетип атам , эмне деп жазганыны .
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан