28-январь күнү Орусиянын ондогон шаарында президенттик шайлоону бойкоттоого чакырган каршылык акциясы болуп өттү. Аталган акцияда 350 киши кармалганын жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.
"Уфа шаарында 66, Волгоградда 65, Чебоксарыда 51, Москвада 16 киши кармалган. Мындай камоолор Санкт-Петербург, Нижний Новгород, Новосибирск, Томск сыяктуу ондогон шаарларда да катталган. Бирок кармалган жарандар жекшемби күнү кечинде эле бошотулган", - деп жазылат маалымат каражаттарында.
Маалыматка ылайык, "Шайлоочулардын көтөрүлүшү" аттуу каршылык акциясынын уюштуруучусу, оппозициячыл активист Алексей Навальный да Москва шаарында полиция тарабынан колго түшүрүлүп, бир нече сааттан кийин кайра бошотулган.
Эске салсак, өткөн жылдын декабрь айында Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы мурда соттолгон деген жүйө менен Навальныйды шайлоого катышууга уруксат берген эмес. Орусиянын президентин шайлоо 18-мартка белгиленген.