Чүйдө тоо лыжасына керектүү каражаттарды саткан дүкөн өрттөнүп, аны өчүрүүгө 4 саат убакыт кеткен

Бүгүн, 29-январь күнү Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы тоо лыжасына керектүү каражаттарды саткан дүкөн күйүп кетти. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, өрт тууралуу маалымат Өрт өчүрүү кызматына таңкы саат 4:45 чамасында келип түшкөн.

"Тилсиз жоо тууралуу маалымат келип түшөрү менен 4 бригада айтылган дарекке чыгып кетип, саат 8:50 чамасында өрттү толугу менен өчүрүштү. Бирок дүкөндүн жалпы 500 чарчы метр аянты күйүп кетти", - дешти ӨКМдан.

Кырсыктан каза болгон жана жабыркагандар болгон эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан