ЖЫЛНААМА, 29-ЯНВАРЬ: Бир нече муундун кумирине айланган белгилүү орусиялык ырчы Дмитрий Маликов 48 жашка чыкты

Орусиялык ырчы, актёр, композитор, пианист, продюсер жана телеалпаруучу Дмитрий Маликов 1970-жылы 29-январда Москвада чыгармачыл адамдардын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Юрий Маликов — музыкант, композитор, "Самоцветы" тобунун негиздөөчүсү жана жетекчиси болгон. Ал эми апасы Людмила Вьюнкова мурун бийчи болсо, 1984-жылдан баштап "Самоцветы" тобунун солисти, кийин уулу Дмитрий Маликовдун концерттик жамаатынын директору болгон.

Ата-энеси чыгармачыл адамдар болгондуктан Дмитрий кичине кезинен тартып чоң апасынын колунда тарбияланган. 5 жашынан баштап хоккейчи болууну самаган ырчы убакыттын өтүшү менен музыкага кызыгып, 14 жашында өзүнүн эң алгачкы "Железная душа" чыгармасын жаратат.

Маликов калың элдин алдына 1988-жылы өзүнүн "Ай жарыгы" ыры менен чыккан. Бул ыр аз убакыттын ичинде эле элдин оозуна алынып хитке айланган. Ырчылыктан жана композиторлуктан сырткары актёр 1993-жылы тасмада өзүнүн эң алгачкы ролун аткарган. "Парижди көрүп өлүү" ("Увидеть Париж и умереть") тасмасында башкы каармандын образын жараткан.

Ырчынын ар бир ырына тарткан клиби орус эстрадасына жаңылык киргизип, кызуу талкуу жаратып турган. Ырчынын "Аягына чейин ичем" ("Выпью до дна") жана "Алыскы жылдызым" ("Последняя звезда") аталыштагы клиптери "Муун" видеоклиптердин фестивалында жеңүүчү аталган.

Ырчы өзүнүн аялы Елена менен 2000-жылы баш кошкон. Ошол жылы түгөйлөр Стефания аттуу кыздуу болушкан. Жубайлар 1992-жылдан бери жарандык никеде жашап келишкен. Ырчы бош кезинде тамак жасап жана үй жумуштарына жардам бергенден баш тартпайт.

Дмитрий Маликов 25 жылдык карьерасында 100дөн ашык ырларды жаратып, алардын басымдуу бөлүгү хитке айланган. Ырчы 2010-жылы 40 жашында "Орусиянын Эл артисти" наамына арзыган.

29-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан