ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун жетекчилиги кызматкерлерге делген 479 миң 800 сомду мыйзамсыз которуп, ээлик кылып алышкан

ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун Балыкчы шаары боюнча бөлүмүнүн кызмат адамдары кызматкерлерге бир убакта төлөнүп берилүүчү 479 миң 800 сомду мыйзамсыз которуп, ээлик кылып алышкан. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Бул факты боюнча ИИМдин Ички иликтөө кызматы иликтөө иштерин жүргүзүшүп, натыйжада полктун камсыздоо ротасынын кызматкери мыйзамсыз иш-аракеттери үчүн жумушунан бошотулду. Ал эми жогоруда аталган бөлүмдүн О.М. аттуу жетекчисине тартиптик жаза берилди.

Башкы прокуратура тарабынан да иликтөө жүргүзүлүп, анын негизинде топтолгон материалдарга юридикалык жактан баа берилет.

Буга чейин аталган полктун Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызматкерлери 2016-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта 1 миллион 827 миң 200 сомду мыйзамсыз которуп алышканы аныкталган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
bond02
2018-01-30 09:36:13
Аа жегич шумкарлар.
0
adii
2018-01-30 09:49:02
Буларды тонкойтуш керек
+2
Meruet84
2018-01-30 09:52:05
...
Көп узабай эле жооп берүүчү күн келет, мына ошондо кантип жооп беришет экен.Бирок ал жакта, эч кимге акча берип оозун жаба албайбыз .....
+1
Meruet84
2018-01-30 10:02:05
Негизи А.Атамбаев С,Жээнбеков,С, Исаковторду күнөөлөп аларга эле баарын түртүп коюу туура эмес....
Минтип жөнөкөй кызматта иштеген канчалагандар эле миллиондорду бөлүп жеп алып жатышат.Ушундай жемекорлордун айынан КР өнүгө албай жатабыз. Ушундайларга өкүм жаза чыгаруу керек, болгон байлык мүлкүн өкмөткө алып, мыйзам алдында жооп бериши керек.
-6
Kojo1995
2018-01-30 10:16:51
Meruet84,
атамбаев башынан сасып атпайбы 50миллион грантты жеп коюп
-1
Too-tash
2018-01-30 10:44:33
Meruet84, башкасынан кутсом да сенден кутподум эле бул комментти...

Аша, Соке, Сапарларын коррупциянын "атасы" болгону учун олкодо коррупция гулдоп жатат... Коррупция менен курошуп жатабыз дегени калп соз, эн ири коррупционерлер Ак уйго жыйылып алышса...

Эгер бийлик башына таза адам келип, коррупция менен чечкиндуу курошсо, коррупция тыйылмак, 100% болбосо да 95-98%ке...

Президент, Окмот, Жогорку Кенешин коррупцияга кекиртегинен малынып отурса, калгандары карап ту
-2
Azat.97
2018-01-30 10:30:50
Паракорлор качан тоёсунар деги,
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан