Түркмөнстанда бир нече спортчу допинг пайдаланган деп айыпталып камакка алынды

Өткөн жылдын сентябрь айында Түркмөнстандын Ашхабад шаарында өткөн уруш түрлөрү боюнча жабык имараттагы V Азия оюндарына катышкан түркмөн спортчулардын айрымдары камакка алынды.

Чет элдик маалымат каражаттарында белгиленгендей, спортчулардын кээ бирлери сыйлыгынан куру калышкан.

Допингге каршы агенттигинин иликтөөсүнө ылайык, V Азия оюндарына катышкан 4 спортчу допинг пайдаланган деп айыпталган. Алардын ичинен балбан Али Аллабердыев 12 жылга эркинен ажыратылган.

27 жаштагы Аллабердиевдин жакындарынын айтымында, аны бийликтин айрым өкүлдөрү мелдешке катышууга мажбурлашкан.

"Али буга чейин эл аралык мелдештерде жеңишке жетишип келген. Анын даярдыгы жакшы. Бирок V Азия оюндары өтүп жатканда оор машыгууларга, түрдүү иш-чараларга тынымсыз катышып жатты. Ал оң колунан жаракат алып жүргөн. Ага карабастан аны мелдештерге катышууга мажбурлашты. Мунун баарын көтөрүш кыйын болгондо ал допинг пайдаланса керек", - деген Аллабердыевдин таанышы.

Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, дагы бир спортчу 9 жылга камалган. Азырынча анын аты-жөнү жергиликтүү журналисттерге белгисиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан