Биз социалдык тармакта

Бишкекте суукка тоңуп каза болгон эркек кишинин жансыз денеси табылды

Бишкекте эркек киши суукка тоңуп каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалым болгондой, 29-январь күнү саат 22:00 чамаларында Фрунзе көчөсүндөгү жылуулук өтүүчү түтүктөн азиат улутундагы эркек адамдын жансыз денеси табылган.

Ал болжолдуу түрдө 30-40 жаштарда болгон. Министрликтин куткаруучулары анын жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда милиция кызматкерлери маркумдун аты-жөнүн тактоо иштерин жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
madina.87
2018-01-30 11:45:36
Кандай гана окунучтуу кабар аа...
Аллах озун сакта элимди.
+8
zhaku2017
2018-01-30 12:23:02
Жаман болуптур. Сак журуш керек. Тенирим жалгасын. Арбагы ыраазы болсун. Бир туугандарына саламат.
0
tram-lam
2018-01-30 17:35:43
zhaku2017,атайын тенирим жалгасын деген создорду жазып мусулмандардын жинине тийгендерденсизби? Анын устуно Тенирим жалгасын деген соз ыраазы болуп, кубанганда айтылат.
0
Mularamov
2018-01-30 12:26:41
test ishtebey ushup kalgango deymin
+2
pat12
2018-01-30 12:38:22
Коломтого барышпайбы. Ал жерде мындайларга конул бурушат.
+4
ZhanMM
2018-01-30 12:41:42
Ичип алып жылынганы түтүккө жаткан го. Уктап кеткенде, тоңуп өлдү ...
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан