ЖЫЛНААМА, 30-ЯНВАРЬ: "Кеңеш" тобунун ырчысы Мүзүр Мамбетов туулган күнү менен куттуктаган билдирүүлөрдөн телефону иштебей калып жатканын айтты

Бүгүн, 30-январда "Кеңеш" тобунун негиздөөчүсү Мүзүр Мамбетов 41 жашка толду. Ырчы SUPER.KG порталына туулган күнү менен куттуктаган билдирүүлөрдү телефону көтөрө албай, иштебей калып жатканын айтты.

"Туулган күнүм менен эң алгачкылардан болуп эртең менен ойгонорум менен жубайым Гүлмира, андан соң балдарым куттуктады. Кечинде уктаар алдында телефонумду өчүрүп коём. Эртең менен күйгүзсөм, тааныштарым жазган куттуктоолорду телефонум көтөрө албай, "катып" калып жатты. Мурунку жылдары мынчалык көп куттуктоо алчу эмесмин, быйыл өзгөчө болуп жатат. Ал гана эмес, белгилүү телеканалдар, журналисттер байланышка чыгып, куттуктоо сөздөрүн арнашты. Азырынча бул күндү кантип белгилей турганым аныктала элек. Жубайым менен өкүл балдарым кеңешип жатышат. Алар каяктан белгилейбиз дешсе, ошол жакка бара берем. Мен бүгүн "Кудайдын эрке уулумун", - дейт күлүп.

Жубайы Гүлмира мененМүзүр Мамбетов 1977-жылы 30-январда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылында туулган. Бала кезинен чыгармачылыкка кызыгып, ырчы болууну самачу. Жердеш агасы Чубак Сатаевдин бардык ырларын жатка билип, анын ырларына таасирленген. Ушундан улам мектепти бүткөн соң, "Кеңеш" тобун түзгөн. Би­рок ар кандай көйгөйлөргө байланыштуу топ таркап кеткен. Бишкекке келип, кафелердин биринде иштеп чыгармачыл адамдар менен таанышып, тараган топту кайрадан түзүүгө киришкен. Элге "Нике кайып", "Сирень гүлү", "Ханышам" аталышындагы ырлары менен таанылган.

30-январдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
nuke-85-85
2018-01-30 14:40:32
Мактана бербечи Музурчик. Кантип эле телефонун которо албай калсын. Телефон 10000 смсти да которот. Телефондогу приколдорунду, мактанган озундун ырларынды очур да. Уят эмесби ушинтип интервью бериш.
-9
edik.toloikon
2018-01-30 15:00:33
телефону простой болсо керек да))
-6
33SUUN
2018-01-30 15:20:53
Ашыкча создун кимге кереги бар.Куттуктаса дагы жаманбы сага?Аллахга шугур кыл сени ошончо адам куттуктап жатканына.Телефонум катып калды дейсин,озун катыбай кыймылдап жургонуно тообо келтир Музурбек.
-3
adii
2018-01-30 15:31:31
"Кудайдын эрке уулумун депсин" депсин, Кудай балага муктаж эмес, Кудайдын кулумун десен болмок.
+11
Jigit.1982
2018-01-30 17:22:08
Эмки жылы мындан да коп куттуктоо кетет, ошондуктан телефонунду азыркы заманбап телефондорго алмаштырып ал.
-2
Isco23
2018-01-30 18:02:23
Озун криштиану элестетет го популярный. Эгер окуп калсан эстейттирсин озумо суроо берейинчи ким экем деп
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан