Бир сутка ичинде республиканын аймагында 34 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өрт өчүрүүгө жалпы 38 бөлүм тартылган. Жалпы өрт кырсыктарынын ичинен 2 өрт жеке менчик унааларда тутанган.
"Катталган өрт кырсыгынын көпчүлүгү турак үйлөрдө чыккан. Анын ичинен жетөө мордун туура эмес түзүлүшүнөн келип чыкса, дагы жетөө электр жабдууларын куроодо эреженин бузулушунан келип чыккан. Калган өрт кырсыктарынын келип чыгуу себеби такталууда", - деп билдиришти министрликтен.
Бишкек шаарында 13, Чүй облусунда 6, Ош облусунда 6 өрт кырсыгы катталды.