"Дордой" футбол клубу түркмөнстандык "Ахал" менен жооптук беттеш өткөрөт

Бүгүн, 30-январда бишкектик "Дордой" футболдук клубу Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тандоо турунун алкагында түркмөнстандык "Ахал" клубу менен жооптук беттеш өткөрөт.

Беттеш Түркмөнстандын Балканабад шаарындагы "Спорт топлумы" стадионунда орун алат. Башталышы Бишкек убактысы боюнча саат 16:00.

Эске салсак, Бишкек шаарында орун алган беттеш 1:3 эсебинде түркмөнстандык команданын жеңиши менен жыйынтыктаган. Анда Кыргыз курамынан Кайрат Жыргалбек уулу айырмаланган.

Айта кетсек, Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогунун кийинки этабына өтүү үчүн, бишкектик командага бул беттеште 3 гол айырмачылык менен жеңишке жетиш керек.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
FCBMESSI
2018-01-30 16:58:41
Дагы женилуу ызасын тартышат экенда
0
Lintel
2018-01-30 17:18:02
1-1 болду пака 2 тайм ойноп жатышат.
0
zahid
2018-01-30 17:19:12
Жазып тургулачы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан