Бүгүн, 30-январда Чүй облусунун Москва райондук сотунда вице-премьер-министр Темир Жумакадыровдун өлүмү боюнча соттук процесс уланды. Анын жүрүшүндө эки тарап жарыш сөзгө чыгышты. Анда прокурор соттон КамАЗдын айдоочусун 11 жылга жатак абакка кесүүнү сурады.
"Тергөөнүн жүрүшүндө КамАЗдын айдоочусу Автандил Таалайбек уулунун күнөөсү далилденген. Ал 2017-жылдын 7-октябрь күнү Чалдыбар-Бишкек жолунда жол эрежесин бузуп, унаасы менен каршы тилкеге чыгып, Тойота Прадону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен үч адам каза болгон. Мындан улам соттолуучуну 11 жылга жатак абакка кесүүнү сурайм", - деди прокурор.
Ал эми жактоочу айдоочу жол кырсыгын атайылап кылбаганын, кырсык болгон соң эч кайда качпаганын айтып, айыпталуучуну камакка албоону өтүндү.
"Айыпталуучу күнөөсүн моюнуна алып жатат. Ал кырсыкты атайылап кылган жок. Кырсык кокустук болуп калды. Соттолуучунун аты-жөнү, жашаган жери аныкталган. Аны камакка албооңузду суранам", - деди жактоочу.
Эскерте кетсек, 2017-жылы 7-октябрь күнү Бишкек-Кара-Балта унаа жолунун Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Садовое айылындагы бөлүгүндө КамАЗ Тойота Прадо унаасын сүзүп, 10-15 метрге чейин сүрүп кеткен. Натыйжада Тойота Прадо унаасынын ичиндеги Темир Жумакадыров, анын жардамчысы жана айдоочусу каза болгон.