Ош облусунун Кара-Суу районунда 56 жаштагы киши койлорун кубалаган иттерди атам деп жатып өзүн-өзү атып алды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 30-январда Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү Жанна Сатарбаева кабарлады.
Кырсык 29-январь күнү түшкө жуук Беш-Карам аймагында болгон. Сатарбаеванын билдиришинче, кокусунан атылган мылтыктын огу анын көкүрөк тушуна тийип, жанында жүргөн эки жигиттин жардамы менен ооруканага алып келе жатканда жолдо каза болгон.
"Кой кайтарып жүргөн учурда уламдан-улам иттер анын койлорун кубалай берген экен. Жанындагы мылтыгын көтөрүп алып иттерди көздөй чуркап баратканда кулап кетип өзүн-өзү атып алыптыр", - деди Сатарбаева.
Факты боюнча экспертиза дайындалып, териштирүү иштери башталды.