Аида Салянованын жактоочусу ооруп калып, соттук отурум жылдырылды

Бишкек шаардык соту депутат Аида Салянованын ишин кароону башка күнгө жылдырды. Соттук жамааттын мындай чечим кабыл алуусуна Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекованын ооруп калгандыгы себеп болду. Сотто Жакупбекова ооруп жатканын айтып, бир жума ооруканага жатып дарылануусу керектигин аныктаган маалымкатты көрсөттү. Соттук жамаат ишти кароону 31-январь күнү уланарын, Саляновага мамлекеттик жактоочу дайындаларын чечти.

Эскерте кетсек, Салянова "Юстиция министри болуп турганда кылмыш жасаганы үчүн издөөдө жүргөн Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын узарткан" деп айыпталып, 2017-жылдын 10-октябрында Ленин райондук соту тарабынан күчөтүлгөн тартипте 5 жылга эркинен ажыратылган. Сот өкүмү анын 2 жаштагы наристеси 14 жашка толгондо күчүнө кирет. Бул чечимге нааразы болгон Салянова шаардык сотко даттанган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
adii
2018-01-30 16:09:41
Аялдарды соттобой эле актап жибергиледа, уйуно барып балдарына тарбия берсин. Саясатта аялдарга эмне бар деймда, эркектер жок болуп калса, анда башка кеп.
+4
PeRa
2018-01-30 16:21:04
Аида эжебиз аябай калчады сотторду, кааласа озу ооруп, кааласа жактоочусу ооруп,Тынар айткандай ачаке-жумаке кылып, садиктерде да мынчалык эмес, эптеп создуруп журуп, бир куну иш эски деп жаап коюшат. Биздин закондорду эжебиз жакшы билет да, жакшы иштетилбеген жерлерин болушунча колдондуго го чиркин.
-7
Dalil
2018-01-30 16:24:58
Кезектеги оюн. Ооруп калуу кезеги жактоочусуна жетиптир да. Күнөөсү болсо жазасын алсын. Күнөөсү жок болсо акталсын. Баласы 16га чыкканда жазасын өтөйт деп чечим чыкты элего дагы эмне болду?
-7
33SUUN
2018-01-30 16:27:19
Кыйндардын арасында татыктуусу жок болуп калып шайлашкан бул эжебизди.Аял адамга бийликти берсен ашыкча анырандап кетет экен.Оз башымдан откон.Куноосу болсо мойнуна алып мыйзамга баш ийсин.Куноосу жокпу соттон коркпой башын которуп ак экенин далилдесин!Алмак салмак ооруй беришпей.
-10
guli-1980
2018-01-30 16:29:02
Былтыр бутпогон сот быйыл да бутпойт
-5
Baku88
2018-01-30 17:06:26
Өлдү го
-9
Baku88
2018-01-30 17:06:50
Бир күн оору бир күн соо
-7
vavilon.
2018-01-30 17:30:01
Эмне баарына эле минус басасынар? хехе
-3
rejepova
2018-01-30 17:35:57
Олдунго даддын дегендей болуптурго. Элге жакшы эле цирк ойноп жатышат булар!
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан