"Ош базарындагы" өрттөн 100дөн ашык соодагер зыянга учурады. Өрттүн себебин аныктоо үчүн иликтөө иштери башталды

"Ош базарындагы" өрт чектөөгө алынып, иликтөө иштери башталды. Анын жыйынтыгы 10 күндүн аралыгында чыгат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Өрт көзөмөлдөө башкармалыгынын башчысы Таалайбек Өмүрзаков билдирди. Анын белгилешинче, иликтөөнүн жыйынтыгына жараша күнөөлүү тарапка чара көрүлөт.

"Өрт өчүрүүчүлөр өрттү чектөөгө алышты. Азыр кайра тутанып кетпеши үчүн тийиштүү чараларды көрүп жатышат. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биздин инспекция тарабынан иликтөө иштери башталды. Ал бүткөндөн кийин өрт эмнеден улам келип чыкканын так айтабыз. Анын жыйынтыгына жараша күнөөлүү адамдар болсо, чара көрүлөт", - деди Өмүрзаков.

Анын белгилешинче, тилсиз жоо "Сейтек" кичи базарынын чыгыш тарабынан чыккан. Анын кесепетинен жалпы 100дөн ашык соодагер зыянга учурады.

"Биз көрүп келдик. Эки кабаттуу "Сейтек" кичи базарынын биринчи кабаты 1 миң 200 чарчы метрди ээлеген болсо, жер төлөсү, биринчи жана экинчи кабатын кошкондо жалпы 3,5 чарчы метр аянт күйүп кеткен. Анда 100дөн ашык соодагердин товары болгон. Азыр биз 108 соода оруну болгонун эсептеп чыктык. Дагы кошулушу ыктымал. Анткени айрымдарынын соода оруну 10 чарчы метр болсо, айрымдарыныкы 1 чарчы метр экен. Ал эми өрт кайсы тарабынан тутанып баштаганын сурамжылап чыктык жана видеобайкоолорду карап чыктык. Видеобайкоолордо өрт базардын чыгыш тарабынан чыкканын көрүүгө болот", - деди инспекция өкүлү.

Бишкектеги "Ош базарында" өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Lintel
2018-01-30 17:25:53
Пожар ГЕЙТ болуптурда элди ТЭЦтен алаксытууго.
-16
modem4999
2018-01-30 17:26:18
Lintel,койчу ай
+1
ilim07
2018-01-30 17:44:00
Тура эле ТЭЦтен алаксытты
Айылга самолет тушкондо кок китти табышкан
-6
Bolunbo.kyrgyz
2018-01-30 17:53:08
Эээ адамдар бизди ар нерсе кылып жатышат да
-4
Firdaus-Muslim
2018-01-30 18:11:29
Жараткан зат элибизди жерибизди кырсык-апаат, тилсиз жоодон өзү сактасын!
+3
gulnur.narmatova
2018-01-30 18:27:05
Билип билбей эле суйлой бересинерби тобаа кырсык айтып келбейт
+6
mimika
2018-01-30 20:12:54
Бул толугу мн кырсык да туугандар. оокат табылат башкысы жабырлануучулар жок. Оюбузду туздойлучу туугандар бир кырсык мн бир кырсыкты байланыштырбай
+2
Aikoo2014
2018-01-30 21:35:29
Эмнеси болсода жаман болуптур, эн жаман болуптур. Соодагерлердин канча мээнеттери куйуп кул болуп калдыда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан