Америкалык ырчы Леди Гаганын атасы менен сүйүктүүсүнүн окшоштугу көпчүлүктү таң калтырууда

Америкалык ырчы Леди Гага "Грэмми-2018" сыйлык тапшыруу аземинде бир да наамга ээ болбогону менен, көпчүлүктүн көңүл борборунда болгону талашсыз. Анткени ырчы кечеге жалгыз келбестен атасы жана сүйүктүүсүнүн коштоосунда келген. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, аземге ырчыны колдоо үчүн сүйүктүү мырзасы Кристиан Карино менен атасы Жозеф Жерманотта келишкен. Бирок көпчүлүктү аларды салтанатка келгени эмес, келбеттеринин окшоштугу таң калтырган. Интернет колдонуучулардын арасында "Ушунчалык да окшоштук болобу?", "Гаганын болочок жолдошу кайнатасынын көчүрмөсү го" деген билдирүүлөр байма-бай жазылууда.

Айта кетсек, Леди Гага атасын жашоосундагы эң жакын адамы жана кеңешчиси катары санай турганын бир канча жолу чет элдик басылмаларга айткан. Анын айтымында, ал бардык жакшылыктарын атасына арнап, аны ыраазы кылуу үчүн колдон келген нерсесин жасоодон баш тартпайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ALATOOLUK.JIGIT
2018-01-30 19:07:34
Атасы менен куйоосун билбедим го,бирок суроттогу кыздардын экоо тен куюп койгондой окшош экен)))
-13
Bek_L
2018-01-30 20:00:30
ALATOOLUK.JIGIT, Азамат! эч ким байкабаса да сен байкап калыпсын.
+6
ludimira
2018-01-30 20:40:32
Куйоо бала менен кайын атанын топурагы бир жерден дешет беле
0
Buzainap
2018-01-30 23:15:01
тообо боёнот десе эле бетине килограммдап шыбай беришет экенда.табигый сулуулугу каерде калды
0
Taalaibek.
2018-01-31 22:04:32
Эч кандай окшош эмес.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан