Кыргыз спортчу Абдурахманхажи Муртазалиев жиу-житсу боюнча Азия чемпиону аталды

Монголиянын Улан-Батор шаарында өткөн жиу-житсу боюнча Азия чемпиондугунда Кыргыз спортчу Абдурахманхажи Муртазалиев алтын медалдын ээси болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын жиу-житсу федерациясынан билдирди.

Абдурахманхажи Муртазалиев 85 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, алгачкы беттеште орусиялык Борис Манататовду жеңип алган. Экинчи беттешинде монголиялык Оюнбату Хуасану менен беттешип, 11:0 эсебинде Кыргыз спортчусу жеңүүчү болду.

Бул жыйынтык менен Абдурахманхажи Муртазалиев 1-орунду ээлеп, Азия чемпиондугунун алтын медалын багындырды.

Эске салсак, Абдурахманхажи Муртазалиев 2017-жылы Азия чемпиондугунда жана Жабык имараттагы Азия оюндарында алтын медалдарды жеңип алган, ошондой эле жиу-житсу боюнча Дүйнө чемпиондугунда коло медалдын ээси болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан