Бишкектик "Дордой" футбол клубу АФКнын Кубогу үчүн күрөштө кийинки этапка өтпөй калды

Бүгүн, 30-январда Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогунун тандоо турунун алкагында бишкектик "Дордой" футболдук клубу түркмөнстандык "Ахал" клубу менен жооптук беттеш өткөрдү.

Балканабад шаарындагы "Спорт топлумы" стадионунда орун алган беттеш 2:2 эсебинде жыйынтыкталды. Эсеп санын талаа ээлери 40-мүнөттө ачты, анда алгачкы голду Дидар Дурдыев киргизди. 56-мүнөттө бишкектик "Дордойдун" оюнчусу Амир Гурбани эсеп санын тең кылып, 68-мүнөттө эсепти 1:2 кылганга үлгүрдү. Ал эми 74-мүнөттө "Ахал" клубунун оюнчусу Сулейман Мухадов айырмаланып, эсепти 2:2 кылды.

Муну менен 2 беттештин жыйынтыгында түркмөнстандык "Ахал" 5:3 эсеби менен бишкектик команданы жеңип алды. Бишкектик "Дордой" футболдук клубу 2018-жылкы Азия футбол конфедерациясынын (АФК) Кубогу үчүн күрөштү токтотсо, түркмөнстандык "Ахал" клубу АФК Кубогунун кийинки этабына өттү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Aman0301
2018-01-30 18:24:25
Уят еле утулуп калганы
0
Isco23
2018-01-30 19:27:03
Кийинки жылы отосунор буйруса
0
mender.87
2018-01-30 19:47:38
Дордой уят эле ойнобой эле койгула
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан