Орусияда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн Бишкекке алынып келет

Орусияда жол кырсыгынан каза болгон Кыргыз жаранынын сөөгү бүгүн, 31-январда Бишкекке алынып келет. Бул тууралуу Кыргыздын Орусиядагы элчилигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, Ысык-Көл облусунун 1971-жылы туулган тургуну Орозбай Жайыкбаевди Санкт-Петербург шаарында унаа сүзүп кетип каза болгон. Анын сөөгүн туулган айылына жиберүү үчүн каражат жетишсиз болуп, 26-январдан бери өлүк сактоочу жайда жаткан.

Элчилик Орусиядагы мекендештер тарабынан каза болгон адамдын сөөгүн жиберүүгө жетиштүү каражат чогултулуп, тийиштүү документтер даярдалгандыгын маалымдады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Nsh
2018-01-31 09:16:54
Жаткан жери жайлуу болсун аллахым бейишинен берсин.
+4
Tilek1989.
2018-01-31 11:48:56
Саламатсызбы админ эмнеге Кыргызстандын эмес? Кыргыздын деп жазасыздар?
+5
admin_superstan
2018-01-31 11:54:46
Tilek1989., саламатсызбы! Кыргызстан эли, Кыргызстан жери дебестен, Кыргыз эли, Кыргыз жери деген стиль кеңири колдонулуп келген. Анын сыңарындай, өлкөбүздү Кыргыз деп жазуу бул жаңылык эмес, бул порталдын стилистикалык өзгөчөлүгү болуп саналат
-6
Paprikafm
2018-01-31 12:13:33
Эмнеге уруп кеткен машинанын ээси чыгымды жол акысын толоп берген эмес
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан