SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар жуманын жеңүүчүсү аныкталат.
Аптанын шаршемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.
Бул ирет эң аз добуш алып, сынактан четтетилген клиптин ордун Аваз Акимовдун аткаруусундагы "Бийчи кыз" видеокомпозициясы толуктады.
"Бул клипти Аязбала деген досум тарткан. Клипте менин досумдун ролун да өзү ойногон. Ал атайын эффекттер менен иштегендиктен, бул клибим башка клиптерден өзгөчөлөндү деп ойлойм. Себеби биринчи жолу ушундай эффекттер коштолгон клип тарттырдым. Ал эми тартуу иштери Бишкекте эле жүрүп, 4 күнгө созулду. Кызыктуу учуру токойдон тартылган эпизоддордо катталган. Ал жактан биз түтүн менен тарткан эмеспизби. Андыктан эми эле түтүн чыгарсак кароолчулар чуркап келишет. Көрсө алар токой өрттөнүп жатат деп ойлошуптур", - дейт ырчы.
24-ЯНВАРДАН 31-ЯНВАРГА ЧЕЙИН ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫНА КӨҢҮЛ БУРУҢУЗ
10-орун - "Non-Stop" дуэтинин "Жаныма кел" ырынын клиби бул аптада эң аз добушка ээ болгондуктан, сынактан четтетилди.
9-орунда - Аида Маканбаеванын "Өмүрлөшүмө" чыгармасы орун алган.
8-орун - Ырчы Нурлан Насиптин аткаруусундагы "Жүрөгүм" видеокомпозициясы 8-орунга ээ болгон.
7-орунду - Айдана Деканын аткаруусундагы "Эргүү" чыгармасы ээлеген.
6-орун - Назми Байзакованын аткаруусундагы "Манас" ыры мурунку жумадагы көрсөткүчтөн 1 тепкичке жогорулаган.
5-орун - Өткөн жумада жеңүүчү деп табылган Самат Эркинбековдун аткаруусундагы "Жетемин баарына" видеокомпозициясы бул жумада 4 тепкичке төмөндөгөн.
4-орунга - Мурунку аптада жаңыдан тизмеге кошулган Ильяз Андаштын аткаруусундагы "Ак чардак" чыгармасы ээ болгон.
3-орунда - Асел Кадыбекованын аткаруусундагы "Жаныңда болсом дейм" чыгармасы.
2-орун - Данияр Эрматовдун "Апамдын болчу келини" чыгармасы өткөн жумадагы ордун сактап калган.
1-орун - Ильяз Абдыразаковдун аткаруусундагы "Сенин көзүң башкача" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, бул аптанын жеңүүчүсү аталды.
Сүйүктүү видеокомпозицияңызга добуш берүү үчүн бул шилтемеге баш багыңыз.