Кыргыз лыжачыларынын Кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган убактысы белгилүү болду

Кыргыз лыжачылардын Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында 9-25-февраль аралыгында өтө турган Кышкы Олимпиада оюндарында катыша турган убактысы белгилүү болду. Бул тууралуу мелдештин расмий сайтында жазылат.

Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн 2 спортчу катышмакчы, алар Тариэл Жаркымбаев жана Евгений Тимофеев. Жаркымбаев лыжа менен жарышуу боюнча мелдешке катышса, Тимофеев гигант слалом жана слалом боюнча мелдешке катышат. Олимпиада оюндарында Кыргыз Республикасынан 6 өкүл барат жана бул сан жалпы эсепте да көрсөтүлөт.

Кыргыз спортчулар катыша турган мелдештин тизмеси (Бишкек убактысы боюнча):

13-февраль: Тариэл Жаркымбаев, лыжа менен жарышуу - 15:34;

18-февраль: Евгений Тимофеев, гигант слалом - 13:15-15:15, 16:45-18:25;

22-февраль: Евгений Тимофеев, слалом - 13:15-14:30, 16:45-18:25.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Dembele84
2018-01-31 17:24:17
Норвегия лыжадан бербейт,кыздары да балдары да ото кучтуу.Биздин лыжачы 30чу орунга да илешиши кумон
+1
monok2001
2018-01-31 19:32:34
Dembele84,Йоханнес Бё же Мартен Фуркад алат да биатлондон,аялдардан болсо Дальмаер,Кузьмина,Домрачева,Мякарайнен,Вирер алышат медалдардын баарын
0
Ermekbai
2018-01-31 18:39:13
Эми лыжа алып берип жөнөткүлө. Былтыры Алматыга лыжалары жок барышкан.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан