Кыштын кыраан чилдесинде ысык өлкөлөрдө эс алууга эмне жетсин? Кыргыз шоу-бизнесинин жылдыздары, шоу чөйрөсүндө өз орду бар инсандардын көбү учурда Таиланд, Дубай, айрымдары Европаны түрө кыдырып саякатташууда. Алар ким экени кызыктырса, төмөнкү сүрөттөргө назар салыңыз.
Быйылкы жылдын эсебинен бир эмес, дароо эле бир нече өлкөгө болгон саякатын шоумен, "тамашоучу" Кубатбек Кубанычбеков жубайы Айжан менен баштады өңдөнөт. Алар алгач Европанын Италия, Испания, Франция жана башка өлкөлөрүн кыдырып, азыркы учурда Индонезиядагы Бали аралында саякаттап жүрүшкөн чагы.
Кыргыз Республикасынын Эл артисти Гүлнур Сатылганова уулу менен чогуу Вьетнамда эс алууда.
Ырчы Өктөм Сапар уулу да достору менен бирге ысык өлкөдө эс алууну чечип, учурда Таиландда саякаттап жүргөнүн маалымдады.
Ушул эле өлкөдө актёр жана "тамашоучу" Эрмек Таалайбеков да жубайы Бекзада менен бирге эс алууда.
Ошондой эле ырчы Омар да жакында эле жубайы Диана менен биргеликте жогоруда аталган өлкөдө бал айын өткөрүп келгени маалым.
Таиландда эс алган атактуулардын катарын ырчы Гүлнур Асанова да толуктайт.
Ал эми "тамашоучу" жана актёрлор Самат Эркинбеков, Эмил Эсеналиев жана Азамат Исмаилов жумуш менен эс алууну айкалаштыруу максатында Малайзияга барып, жаңы кино да тартып келишкенин билдиришти.
Ырчы Роза Шакирова үй-бүлөсү жана достору менен чогуу Египетте эс алып келди.
Ал эми ырчы Анжелика Бекболиева Жаңы жылды Бали аралында тосуп, андан соң апасы, кыздары жана жумуштагы кесиптештери менен биргеликте Дубайда эс алууну улантышкан.